Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:20

Жогорку Сот М.Шеримкуловдун арызын канаттандырган жок


БИШКЕК.14-январда Жогорку Сот Сокулук райондук соттун экс-элчи Медеткан Шеримкулов талапкер болуп каттала албайт деген чечимин күчүндө калтырды. М.Шеримкулов №64 Шопоков шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер кылып каттабай койгон округдук комиссияга каршы райондук сотко доо арыз берген. Аны сот 8-январда карап, округдук комиссия Шайлоо кодексининин 69-беренесине ылайык акыркы беш жылда Кыргызстандын аймагында жашабаган Шеримкуловду каттабагандыгы туура деген чечим чыгарган. Эми Медеткан Шеримкулов өзүнүн конституциялык укугун коргоо үчүн Конституциялык сотко арыз жолдоорун «Азаттыкка» ушул эле күнү билдирди. Дагы бир экс-элчи Мамбетжунус Абылов 14-январда Каракөл шаардык сотко №22 Каракөл-Ташкөмүр округдук комиссиясына каршы арыз берди. Буга комиссиянын аны аталган округ боюнча талапкер кылып каттоодон баш тартканы негиз берди. Бул күнү экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаева да Ленин райондук соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылган арызын Жогорку Сотко берди. Ленин райондук сот Отунбаеваны талапкер кылып каттап, кайра андан баш тарткан округдук комиссиянын чечимин туура деп тапкан.

XS
SM
MD
LG