Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

ОРУС ГЕЗИТИ: КЫРГЫЗСТАНДА «САРЫ ЫҢКЫЛАП» БОЛОТ.


Төрөкул Дооров, Москва. Орусиядагы басылмаларда жаңы жылдын биринчи иш-жумалыгында жарык көргөн макалалар постсоветтик аймактагы саясий режимдердин абалы кандай өзгөрөөрүнө божомол жүргүзгөндөй болду. Алардын ичинде көңүл Кыргызстанга жана Казакстанга бурулууда. «Грузия менен Украинанын тажрыйбасында көрсөтүлгөн мисал эми кайсыл мамлекетке өтүшү мүмкүн?».

«Кыргызстанда сары ыңкылап болот» деген аталыштагы божомол макала жума күнү «Независимая газетада» жарык көрдү. Анда айтылгандай, «Украина сценарийи эми Кыргызстанда кайталанышы мүмкүн». Мындан көптөгөн кыргызстандык оппозиционерлер эле эмес, орусиялык белгилүү эксперттер да күмөн санашпайт дейт гезит.

Макаланын авторлорунун айтымында, кыргызстандык оппозиция өкүлдөрү болочоктогу «сары ыңкылапка» даярданып, мойнуларына сары түстөгү жоолугун оронуп, өткөн апта ичи Бишкектин борбордук аянтында президенттин жана өкмөттүн бийликтен кетишин талап кылган митинг өткөрүштү.

Гезиттин маалыматында, Кыргызстандын президенти Аскар Акаев бир канча билдирүүлөр аркылуу бул өңдүү окуяларга терс мамилесин билдирди.

Москвадагы «Карнеги» корунун өкүлү Алексей Малашенко «Акаев азыр эмне кылууну билбей турган чагы» дейт. «Президентке каршы чыгып жаткан адамдар азыр күчүн топтоп, бириге башташты. Анын үстүнө, оппозиция эл тарабынан да колдоо таап жатат. Акаев жана анын жактоочулары оппозицияга күчтүү жана туруктуу социалдык пайдубалы калыптана баштаган мезгилди колдон чыгарып жиберишти» деп эсептейт москвалык эксперт Малашенко.

Серепчинин бул оюн колдоп, «Независимая газета» андан ары «Чындап эле Украинада «саргылт ыңкылаптын» жаралышына алып келген жагдайлар эми Кыргызстанда да орун ала баштады. Калк акыркы 15 жылдан бери Аскар Акаевдин жетекчилигинде алмашылбай келе жаткан бүгүнкү элитадан такыр көңүлү калган» деп жазды.

Гезитте Кыргызстандагы эле эмес, ага коңшулаш Казакстандагы абалга да анализ берилет. Эки өлкөдөгү тең оппозициячыл лидерлер, саясий партиялар жана алдыда боло турган шайлоолордо аларды колдошу мүмкүн болгон маалымат каражаттарынын тизмеси жарыяланды.

Макалада айтылгандай, Кыргызстанда да, Казакстанда да оппозициянын негизги лидерлери, Феликс Кулов менен Галымжан Жакиянов, экөө тең абакта олтурушат жана экөө тең эл аралык коомчулук тарабынан «саясий туткундар» деп таанылган. Ушундан уламбы, макалада Кулов тууралуу «Кыргыз Ющенкосу» азырынча түрмөдө» деп айтылыптыр.

Ал эми Орусиянын өзүнүн турмушунда орун алган окуялардын ичинде Коргоо министри Сергей Ивановдун АКШга сапары орусиялык журналисттер арасында өзгөчө кызыгууну жаратты.

Вашингтондо Сергей Иванов АКШ президенти Жорж Буш менен көрүшүп, кийин өзүнүн америкалык кесиптеши Доналд Рамсфелд менен да жолукту. Биргелешкен маалымат жыйынында Иванов менен Рамсфелд мырзалар бири-бирин жакын достордой аттарынан атап, ич-ара сүйлөшүүлөрдө бири-бирин толук түшүнө тургандыктарын даңазалашты. «Алар эки мамлекет ортосундагы аскерий маселелер эле эмес, баардык боектордогу төңкөрүштөр, ЮКОС проблемасы Орусиядагы сөз эркиндиги менен тоталитаризмдин күчөшү тууралуу да сүйлөштү» деп жазат «Московский комсомолец».

Макалада айтылгандай, «Коопсуздук маселелеринен такыр алыстагы бул өңдүү проблемаларды талкуулоо үчүн Кремль дал ушул Ивановду АКШга жөнөтүп жатышы да бекеринен болбосо керек. Анын үстүнө, АКШ президенти Буш буга чейин эч кайсыл чет мамлекеттин коргоо министри менен Ак үйдө ырасмий жолугуша элек».

Мына ушул эле ойдо турган дагы бир гезит, «Труд», «Ивановдун АКШга сапарлары тууралуу улам уккан сайын, анын мухиттин ары жагындагы сүйлөшүүлөрү коопсуздук жаатындагы сүйлөшүүлөрдөн да ары кеткендигине ишенесиң» деп билдирет.

Бул басылмалар Сергей Ивановду «Путиндин ордун болочокто баса турган талапкер» деп тааный тургандыктарын жазышты.
XS
SM
MD
LG