Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

МАХМУД АББАС ПРЕЗИДЕНТТИК АНТ БЕРДИ


Кубат Оторбаев, Прага 15-январда Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббас президенттик ант берди. Жума күнү болсо Израилдин бийлиги Палестина менен баардык мамилелерин үзүп койгон. Анткени бейшембиде үч жанкечти-палестин Газа тилкесиндеги Карни чегара түйүнүндө Израилдин аскерлерине кол салып, андан 6 жөөттүн өмүрү кыйылган. Мындай кандуу калабадан кийин кызматка киришип жаткан Махмуд Аббас президент катары ант берүү учурунда Израиль менен мамилени жакшыртууга бар күчүн жумшай тургандыгын айтты.

Махмуд Аббас 9-январда өткөн шайлоодо 62 процент алып, былтыр ноябрда каза болгон Ясир Арафаттын ордун басууга укук алды. Анын президенттик ант берүү каадасы Иордон дарыясынын чыгышында - Рамаллада өттү. Ант берүүгө байланыштуу майрамдык маанайдын нары жагында оор проблемалар жатканы жаңылык эмес.

Анткени Махмуд Аббас ушул күндөрү чоң сыноолордун баштан кечирип жатат. Соңку убакта ал эки оттун ортосунда калгандай болду: бир жагынан шайлоо алдындагы өз сөзүнө туруп, радикалдарды куралды таштоого көндүрүшү керек. Экинчи жагынан Израиль менен мамилени жакшыртып, көп жылга созулган чатакты басуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого жөөттөрдү көндүрүшү зарыл. Бирок бул азырынча кыйын болуп жатат.

Себеби он үчүнөн он төртүнө оогон түнү үч жанкечти палестин Карни чегара түйүнүндө Израилдин аскерлерине чабуул коюшкан. Кандуу кармашта алты жөөттүн өмүрү кыйылып, кол салган үч палестин да аман калган эмес. Бул окуяны айыптай тургандыгын Махмуд Аббас президенттик ант берүү каадасы учурунда билдирди:

– Акыркы күндөрдө көптөгөн калабалуу окуялар болуп кетти. Биз – Палестинанын айрым фракциялары жана Израиль бийлиги бул окуяларды айыптайбыз. Мындай калабалар тынчтыкты биротоло алып келип, тартипти жана бейкуттукту орнотуу иштерине тоскоол болот. Мындай аягы көрүнбөгөн кармаштарды токтотуш үчүн эки тарап тең жол издешибиз керек.

Ал эми Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Махмуд Аббастын кызматка киришиши менен Жакынкы Чыгышта абал жакшырса экен деген үмүтүн айтты. Эсиңиздерге салып коелу – Махмуд Аббасты Абу Мазен деп да коюшат:

- Абу Мазендин, Аббастын шайланышы менен палестиндердин мыйзамдуу лидери пайда болду деп ойлойм. Ал чоң айырма менен шайлоону утуп чыккандыктан эларалык коомчулук жана Израиль өкмөтү аны менен тыгыз иштейт деген ишемдемин. Газа секторунан өз күчтөрүн алып кетүү боюнча планын Израиль бийликтери Палестанын жаңы жетекчилиги менен жана эларалык коомчулук менен бирге турмушка ашырат деген ойдомун. Ошондон улам биз тынчтыкты калыбына келтирүү боюнча реалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болдук, - деди баш катчы Кофи Аннан.

Бейшембидеги кол салуунун жоопкерчилигин палестиндердин үч тобу дароо өздөрүнө алышты. Алар: ХАМАС, “Аль-Аксанын азапкерлери” жана “Элдик каршылык комитети”. “Аль-Аксанын азапкерлери” тобу Махмуд Аббас жетектеген ФАТХ кыймылы менен байланышта.

Бул окуя жаңыдан шайланган президент Махмуд Аббаска катуу сокку болду. Анткени Израиль менен сүйлөшүүлөрдү баштоо максатында ал радикалдарды куралды таштоого үндөп, сабырга чакырып жаткан.

Премьер-министр Ариэль Шарондун өкмөтү болсо быйыл Израилдин күчтөрүн жана жөөт айылдарын Газа тилкесинен алып чыгып кетүүгө ниеттенип келген. Бирок бул калабадан кийин Израиль дароо Газа тилкесине жолдордун баарын жаап салды. Ал аз келгенсип эң жаманы – Палестина менен баардык мамилелерин үзүп койду.

Палестинада президенттик шайлоо өтүп, анда Махмуд Аббас утуп чыккандан кийин Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон Аббасты куттуктап, аны менен жакын арада жолугаарына ишеним билдирген. Бирок эми ал жолугушуунун жакын арада өтүшү да күмөн болуп калды. Палестинанын премьер-министри Ахмед Курейи болсо Израилдин минтип Палестина менен баардык мамилелерди үзүп койгонун “шашылыш чечим” катары баалады.

Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Коллин Пауэл болсо Махмуд Аббас террористтердин тизгинин кагууга бар күч-аракетин жумшаарына ишенимин билдирип, Ариэль Шарондун палестиндер менен мамилени үзүп койгонун ачуу тараганча гана созулат деп ойлой тургандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG