Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

«Атажурт» кыймылы билдирүү таратты


БИШКЕК. «Атажурт» саясий кыймылы 17-январда өлкөдөгү саясий абал тууралуу билдирүү таратты. Билдирүүнү кыймылдын мүчөсү Адахан Мадумаров Мыйзам чыгаруу жыйынынын 17-январдагы отурумунда окуп берди. Кыймылдын билдирүүсүндө айрыкча соңку мезгилдери мамлекет башчы Аскар Акаев өлкөдөгү өкмөттүк маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка кыргыз оппозициясын негизсиз каралап, өзүнүн келээрки парламенттик шайлоого талапкердиги көрсөтүлүп жаткан кызы Бермет Акаеваны мактап жаткандыгы айтылган. Ошондой эле билдирүүдө мамлекет башчынын мындай аракети Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келээри айтылып, эгерде өлкөдөгү саясий кырдаал келечекте өкмөт башчы Николай Танаевдин жашыруун жыйынында көрсөтүлгөндөй өнүгө турган болсо, бардык жоопкерчилик Аскар Акаев жетектеген аткаруу бийлик өкүлдөрүнө жүктөлөөрү эскертилген.

XS
SM
MD
LG