Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Экс-элчилерге шарт түзүү мыйзамы өткөн жок


БИШКЕК.18-январда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны экс-элчилердин парламенттик шайлоого катышуусуна шарт түзүү максаты менен даярдалган мыйзамды кабыл алган жок. Аны колдоп 29 депутат гана добуш берди. Депутаттар тобу Шайлоо Кодексининин 69-беренесиндеги Кыргызстандын аймагынан чет жерде 5 жылдан ашык жашаган атуулдардын парламенттик шайлоого катышуусуна жол бербеген жобосун өзгөртүү жөнүндөгү мыйзамды иштеп чыккан. Анда аталган беренеге беш жылдык чектөө мамлекеттик кызматкерлер менен бирге эле дипломаттарга, консулдуктардын кызматкерлерине жана эл аралык уюмдардагы өкүлдөргө тиешеси жок деген эскертүүнү киргизүү каралган болчу. Депутат Темирбек Сариев мындай жобо Конституцияга карама-каршы деп каршы болду жана аны йрым депутаттар колдошту.Бирок, талкуу учурунда айтылган бардык сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзамды кабыл алуу добушка коюлганда ал өткөн жок.

XS
SM
MD
LG