Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

Мурдагы элчилердин шайлоого катышуусун кепилдөө максатын көздөгөн мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын бүгүнкү (шейшембидеги) отурумунда жетиштүү добуш топтой албай калды. «Шайлоо кодексине» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» бул мыйзам долбоорун депутат Азимбек Бекназаров баштаган топ иштеп чыккан.

Бул мыйзам долбоорун депутаттар тобу талапкер катары катталбай калган экс-элчилердин кайрылуусуна ылайык иштеп чыккан.

«Шайлоо кодексинин» 69-беренесинде талапкер шайлоого чейинки беш жыл ичинде Кыргызстанда жашашы керек жана анын ичинен алты айга чейинки мөөнөт аралыгында чет өлкөгө чыгууга уруксат берилери жазылган.

Ушул жобого таянган шайлоо комиссиялары экс-элчилер Медеткан Шеримкуловду, Роза Отунбаеваны, Үсөн Сыдыковду жана Мамбетжунус Абыловду талапкер катары катташкан эмес. Ушул эле мыйзамга таянган соттор элчилердин арыздарын канагаттандырган жок.

Бул өз кезегинде коомчулуктун өкүлдөрүнүн нааразылыгын туудуруп, нааразылык акцияларга чыгышын шарттады. Ушундай жагдайларга таянган депутаттар тобу талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүткөнгө чейин бул мыйзамды ишке киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышты:

- Эми кырдаалды түшүнүп атасыңар. БШК бизди күнөөлөп атат, ушундай мыйзамды алып койгонсуңар деп. Мүмкүн кеч эмес. Бүгүн алып койсок, 28ине чейин жөнөтүп ийсек, президент кол коюп койсо, ушу проблеманы чечели деген эле ой, - деди депутат Азимбек Бекназаров парламентте долбоорго түшүндүрмө берип жатып.

Парламентте колдоо таппай калган бул долбоордо 69-беренеге эскертме берилген. Анда талапкерлерге коюлган беш жылдык чектин дипломаттарга, консулдук кызматкерлерге, Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы өкүлдөрүнө тиешеси жок деп айтылат.

Мындан тышкары долбоордо берененин алты айлык мөөнөт тууралуу жобосун алып салуу сунушталган. Бул жобону мурда киргизген демилгечилердин бири Өмүрбек Текебаев мындай сунушка каршы болду:

- Бул экөө бири-бирине карама-каршы келбеген сунуштар. Биз жөнөкөй карапайым калкка мүмкүнчүлүк бергенбиз. Беш жыл ичинде 2,5 жылга чейин сыртка чыгып келсе мүмкүн деп, биз абдан катаал конституциялык талапты жумшартканбыз. Турмуш-тиричилик кылган кыйын болуп кетти. Биз айтып атабыз, жок, 2,5 жыл тышка чыгып келсе болот, 100 миңдеген атуулдар сырт жакта жумуш издеп жүрөт деп атабыз.

Талкуунун соңунда төрага Абдыганы Эркебаев ушул өңдүү сунуштардын баарын топтоштуруп, мыйзамды негизинен кабыл алууну сунуштады:

- Урматтуу депутаттар, бул маселенин тегерегинде көптөгөн талаш-тартыш, эл арасында сөз, саясий дагы, ар кандай акциялар болуп атат. Менин төрага, депутат катары айтаарым, добуш бериш бардыгыбыздын эркибиз. Эгерде бизден кемчилик кетсе убагында, идеалдуу эч нерсе болбойт, оңдолуп-түзөлүп, такталып отурат да бардык нерсе. Кенемтени түзөтүп коюш зарыл.

Буга чейин БШК төрагасы Сулайман Иманбаев элчилердин укуктарына шек келтирген мындай жобонун мыйзамга кирип калышына парламент өзү күнөөлүү экенин бир нече ирет белгилеген.

Ал эми депутат Темир Сариевдин пикиринде бул долбоорду кабыл алуудан эч нерсе өзгөрбөйт:

- Биз азыр муну кабыл алганда деле эч нерсе чечилбейт, анткени, Конституцияга каршы келип калат. Иманбаев так, даана айткан, Конституциянын нормасына, эгерде, башка мыйзамдар каршы келип калса, анда Конституция түз иштейт деп.

Бирок, Адахам Мадумаров, Исмаил Исаков, Бейшебек Акунов, Азимбек Бекназаров өңдүү депутаттар мамлекеттеги стабилдүүлүктү сактоо жана сыртта иштеп жүргөн мамлекеттик кызматкерлердин укуктарын коргоо үчүн мыйзамды кабыл алуу зарыл деп эсептешти. Депутат Бекназаровдун пикиринде бул долбоор Баш мыйзамга каршы келбейт.

Эгер мыйзам кабыл алынып, президент дароо кол койсо, мыйзам элчилердин шайлоо комиссияларында жаткан арыздарынын дароо катталышын шарттайт.

Анткен менен, долбоорду кабыл алууга эки добуш жетпей калды. Башкача айтканда, долбоорду 44 депутаттын 29у гана колдоду. Оппозициячыл саясатчылар муну айрым депутаттардын өкмөттүн кызыкчылыгына иштеди деп түшүндүрүштү. Ушундай эле пикирин талапкер катары катталбай калган экс-элчилердин бири Мамбетжунус Абылов да билдирди:

- Депутаттардын баары эле дипломаттар шайлоого катышсын деген ойдо болуп турат. Бирок, бийликтин кысымы менен ылайыктуу добуш ала алган жок.

Мамбетжунус Абыловдун айтымында, катталбай калган элчилер жалпы дипломаттардын шайланууга болгон укуктарын коргоо максатында Конституциялык сотко кайра кайрылууну көздөп жатышат. Алар биринчи ирет ноябрь айында кайрылышкан, бирок, мыйзам бузуу фактысы жок деген негиздеме менен Конституциялык сот аны кароодон баш тарткан.

Эми элчилер Конституциялык сот аркылуу маселени териштирүү максатында катталбай калуу фактысы боюнча соттун бардык баскычтарынан өтүп жатышат.

Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл ала албай калган соң, элчилердин шайлануу укуктарын Конституциялык сот аркылуу калыбына келтирүү жолу гана калды дейт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG