Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

Махмуд Аббас радикалдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү


Радикалдардын жөөттөргө кол салууларын токтотуу максатында Палестинанын коопсуздук күчтөрү Газа тилкесиндеги чегарага жайгаштырылмак болду. Мындай чечим Палестинанын президенти Махмуд Аббас 18-январда ХАМАСтын өкүлдөрү менен жолуккандан кийин кабыл алынды. Палестинанын коопсуздук күчтөрүнүн башчысы генерал-майор Абдель Разак аль-Майадехтин айтымында аскерлердин алды чегарадагы кызматына жакын арада киришет. Махмуд Аббас 19-январда да экстремисттик топтор менен жолугушуусун улантат. Ал бул ирет “Ислам жихады” аттуу топтун өкүлдөрү менен жолугуп, аларды Израилге кол салууларды токтотууга көндүрүүгө аракет кылат. Израиль Махмуд Аббаска сүйлөшүүлөрдү башташ үчүн палестин радикалдары куралын таштоого тийиш деген талап койгон. Акыркы жолу - 18-январда ХАМАСтын жанкечти-мүчөсү Катиф чегара түйүнүндө өзүн-өзү жардырып жиберип, андан Израилдин бир аскери каза таап, дагы жетөө жаракат алышты.

XS
SM
MD
LG