Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Бишкектеги нааразылык акциясына 400дөй киши катышты


19-январда да Бишкекте уланган нааразылык акциясына катышкандардын саны 400гө чамалап барды. Алар Жогорку соттун бир күн мурда Конституцияга жана Шайлоо кодексине ылайык элчилер парламенттик шайлоого катыша албайт деп кабыл алган чечимине нааразылык билдиришти. Оппозициянын пикиринде бийликтер атайлап күчтүү талапкерлерге бут тосуп жатат. Акцияга катышкан “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев президент Аскар Акаевди отставкага кетирүү боюнча кол топтоо баштала тургандыгын жарыялады. Бишкекте нааразылык акциясы 9-январдан бери уланып жатат. Көчөгө чыккандар мурдагы элчилер Роза Отунбаева, Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков жана Мамбетжунус Абыловдун депутаттыкка талапкер катары каттоого алынбай жатканына нааразылык билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG