Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Шамшыбек Медетбеков Нарынга губернатор болду


НАРЫН. 19-январда Нарын облустук кеңешинин
кезексиз жыйырма бешинчи сессиясынын күн тартибинде бир гана маселе - облустун губернаторун дайындоого макулдук берүү киргизилди. Президенттик администрациянын башчысы Тойчубек Касымов облустун губернаторлугуна Шамшыбек Медетбековду сунуш кылды. Касымов Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Шамшыбек Медетбековду инженер, юрист жана экономист катары үч билимге ээ экендигин белгилеп, аны туруктуу кадр катары бааларын айтып, макулдук берүүнү өтүндү. Мындай өтүнүч облустук кеңештин депутаттары тарабынан бир добуштан колдоо тапты.

Ушул эле күнү Нарын райондук кеңешинин да кезексиз сессиясы өткөрүлүп, анда райондун акими кызматына Рысбек Шалтаевди дайындоого макулдук берилди.

XS
SM
MD
LG