Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:10

“Атажурт” менен “Кыргызстан элдик кыймылы” митинг өткөрүштү


БИШКЕК. 19-январда Бишкекте Максим Горькийдин эстелигинин жанында “Атажурт” жана “Кыргызстан Элдик кыймылынын” 500 чукул мүчөсү митинг өткөрүштү. Митингде чыгып сөз сүйлөшкөндөр расмий бийликтин экс-элчилерди жана оппозициялык маанайдагы саясатчыларды парламенттик шайлоого катыштырбоого жасаган аракетин сынга алышты. “Атажурт” кыймылынын тең төрайымы Роза Отунбаева, Кыргызстанда коррупциялашкан бюрократтык капитализм орногонун, экономика чиновниктер тарабынан менчиктештирилип, жасаган кылмышына эч ким жооп бербеген жоопкерчиликсиз коом түзүлгөндүгүнө тынчсыздангандыгын билдирди. Анын айтымында, кыргыз бийлиги Украина, Грузиядагы саясий окуяларды бетке кармап, оппозицияны жок жерден элге жаман көргөзүү аракетин жасоодо. Ал эми Аскар Акаевдин жакындары, анын айланасындагы адамдардын алдыдагы парламенттик шайлоого талапкерлигин коюуусуна экс-элчинин пикири мындайча:

-Акаевдин кызы, уулу. Танаевдин уулу. Касымовдун уулу, күйөө баласы алар баардыгы депутаттыкка талапкерлигин койууда. Калайык биз ушундай парламентти, ушундай бийликти каалайбызбы?

-деди Роза Отунбаева . Митингде сөз сүйлөгөн белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев 6 саясий партиянын бирикмеси тарабынан түзүлгөн “Акаевди бийликтен кетирүү жана эл үчүн реформа ” аттуу коомдук саясий кыймылдын чечимин жарыялады.

-Алты саясий партиянын бирикмеси кече күнү ушундай абалга карап туруп, 1-февралдан баштап бүтүндөй Кыргызстандын түндүк-түштүк айыл кыштактарынан “Акаев бийликтен токтоосуз кетсин”, деп кол топтоону чечтик.
-деди Топчубек Тургуналиев.

Ал эми 19-январь күнү кечки саат 21 жакын Топчубек Тургуналиевге жана экс-министр Ишенгүл Болжуровага административдик жоопкерчиликке тартуу максатында Бишкек шаардык Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Султаналиевден чакыруу кагазы барган. Анда аталган ички иштер бөлүмүнө 20-январда саат 9-30 кечикпей келүү көрсөтүлгөндүгүн, Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” маалымдады.

XS
SM
MD
LG