Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:05

ПАРЛАМЕНТ ЭЛЧИЛЕРГЕ ЖОЛ АЧТЫ, АКЫРКЫ СӨЗ ПРЕЗИДЕНТТЕ


Айданбек Ташкенбаев, Бишкек 20-январда Мыйзам чыгаруу жыйыны 30га чукул мыйзам жана бир катар токтом кабыл алды. Анын ичинде элчилердин шайлоого катышуусуна жол ачкан өзгөртүү “Шайлоо кодексине” киргизилди.

20-январда парламент депутаттар тарабынан иштелип чыккан бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алды. Анын ичинде “Шайлоо кодексине”, “Кылмыш жаза кодексине”, “Салык кодексине” өзгөртүү жана кошумчалар киргизилди. “Кылмыш жаза кодексине” киргизилген өзгөртүүгө ылайык камакка алууга уруксат берүү прокуратура кызматынан сот органдарына өткөрүлүп берилет. Андан кийин парламентарийлер депутат Азимбек Бекназаров тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз атуулдарын паспорт менен камсыздоо жөнүндөгү” мыйзамды да кабыл алды. Мыйзамдын мааниси тууралуу Азимбек Бекназаров буларды билдирди:

Мыйзамга ылайык, мындан кийин паспорт бекер берилет. Ал үч этап менен берилет. Биринчи жолу он жылга 28 жашка чейин, андан кийин 45 жашка чейин, акыркы этаптагысы өмүр боюуга чейин жаракатуу болот.

Депутат Орозбек Дүйшеевдин демилгеси менен парламент өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрында кабыл алган токтомун мыйзамсыз деп тапкан токтом да кабыл алынды. Өкмөт ал токтому менен Кумтөр ишканасындагы 70% акциясын “Центерра голд компанинин” 30% акциясына алмашканы маалым.
Депутаттар 19-январда кабыл алынбай калган “Шайлоо кодексине” өзгөртүү жана кошумча киргизүү маселесине кайра кайрылып, кодекстин 69 беренесине 31 добуш менен өзгөртүү киргизишти. Ага ылайык элчилердин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катышуусуна жол ачылууда. Мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутат Азимбек Бекназаров:

Президент кабыл алынган мыйзамга 28-январга чейин кол койсо элчилер Үсөн Сыдыков, Медеткан Шеримкулов, Роза Отунбаева, Мамбетжунус Абыловдун баары катталат. Эгерде кол койбосо анда бул кишилер катталбай калышы ыктымал. Мен ойлоймун, эгерде президент Кыргызстандын эл аралык аренада бедели түшпөсүн, өлкөдө туруктуулук болсун десе тез арада- үч күндүн ичинде кол коюш керек. Эгерде кол койбосо мен элчилерге байланыштуу чыр-чатактын баары президенттен чыккан деп эсептеймин.

Талапкер катары катталбай калган элчи Роза Отунбаева Бекназаровдун билдирүүсүө кошулаарын билдирди:

(Бекназаровдун айтканы) Туура. Абдан туура. Мен ага кошуламын. Азыркы абал топту тигил тарапка ыргытты дегенди билдирет.

Ушундай эле пикирин өлкөнүн Түркиядагы мурунку элчиси Медеткан Шеримкулов да билдирди:

Мыйзамга президент кол койбой турган болсо-анда биз мунун башында президенттин аппараты баш болгон жактар турат деген ойго келебиз.Бул биринчиден. Экинчиден, биз анда биздин президенттибиз урматтуу Аскар Акаев конституциянын кепили катары өзүнүн дипломаттарын коргоп алууга жараган жок деген ойго келебиз.

Бирок, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев «Шайлоо кодексине» өзгөртүү киргизүү парламенттин жаңы регламентине каршы келген шартта кабыл алынганын, ошого байланыштуу президент ага кол койбойт деген пикирин билдирди:

Бүгүнкү добуш берүүнүн юридикалык күчү жок. Анткени ал Конституцияга, регламент жөнүндөгү мыйзамга каршы келген шартта кабыл алынды. Ошол себептен президент ага кол койбой деп ойлоймун. Анын андай кылууга толук акысы бар.

Ал эми атуулдук коомдун өкүлдөрү президентке кайрылуу жолдоп, мыйзамга тез арада кол коюу чакырыгын айта баштады. Маселен, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясы 20-январда президентке ушундай маанидеги кайрылуу менен чыкты.

XS
SM
MD
LG