Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Депутатыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгы чыкты


ТАЛАС. №54 Талас шайлоо округу боюнча жети талапкер көрсөтүлсө, 20-январга карата алардын алтоо каттоодон өттү. №55 Бакайата шайлоо округуна алты талапкерден документ келип түшүп, анын бешөө катталды. №56 Карабуура округуна жети талапкер документ тапшырып, анын ичинен төртөөнө гана күбөлүк берилди. Сунушталган 20 талапкердин ичинен үчөө аялзатынын өкүлдөрү. Үч округдун ар биринде саясий партиялардын бирден өкүлдөрү бар. №54 округда «Адилет» партиясынан Алтай Бөрүбаев, №55 Бакайата округунан «Кыргызстан коммунисттер» партиясынан Орозбек Дүйшеев жана №56 Карабуура округунан «Ар намыс» партиясынан Кубанычбек Турманбетов бар, калган 17 талапкер өзүн өзү көрсөткөндөр. Бул туурасында облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жантөш Жусупбеков 20-январь күнү маалымдады.

XS
SM
MD
LG