Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:43

Президент Акаев Баткен областында иш сапары менен болду


БАТКЕН. Президенттин сапары Баткендин борборунда жайгашкан «Эркиндик» айкелине гүл коюу менен башталды. Андан соң облустук драма театрынын имаратындагы Интернет борборунун жана облустук телерадиокомпаниянын иши, ошондой эле жергиликтүү сүрөтчү Буласбек Шералиевдин сүрөт көргөзмөсү менен таанышты. Ушул эле күнү президент Баткенде коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда жергиликтүү коомдук, маданий ишмерлерге президенттик сыйлыктарды тапшырды. Андан соң өлкө башчысы Баткендеги мечитке барып, мусулмандарды курман айт майрамы менен куттуктады жана куран окулду.
Ал эми президент менен бирге барган биринчи айым Майрам Акаева бул күнү «Мээрим» кайрымдуулук фондусунун облустагы бөлүмүндө лидер аялдар менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG