Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Ирактын Улуттук Ассамблеясына өз талапкерлигин көрсөткөн 41 кандидат шайлоого катышуудан баш тартты


БАГДАД. Ирактын Улуттук Ассамблеясына талапкерлигин көрсөткөн 41 кандидат, өмүрүнө коркунуч келип жатканына байланыштуу, шайлоого катышуудан баш тартышты. Андан мурда Тикритте дагы 11 талапкер шайлоо комиссиясына ушундай эле арыз менен кайрылышкан.
Анын аралыгында Сунни мусулмандарынын көрүнүктүү динаятчысы Шейк Махмуд Ал-Сумайдей шайлоону кийинкиге калтырууга үндөдү. Ал эми Ирактын убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министри Хошияр Зебари бүгүн "Азаттыкка" берген маалыматында шайлоо пландаштырылгандай 30-январда өткөрүлө турганын билдирди.
Шайлоо пландаштырылган күнү өтүш керек. Расмий позиция мына ушундай. Шайлоого даярдык көрүү уланууда. Биз анын баардык чөлкөмдөрдө, коомдун баардык катмарларынын катышуусу менен өтүүсүн каалайбыз,- деди Зебари.

XS
SM
MD
LG