Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

23-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан гидрометеорология борборунун билдирүүсү боюнча, 23-январда өлкөнүн кээ бир аймактарында кар жаайт, жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн –5...-10, айрым жерлерде –15 градуска чейин суук, күндүз –2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн –6...-11 градус суук, күндүз –3 градус сууктан +2 градуска жылыйт.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн –1..-6 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –5...-10 градус суук болот, ал эми күндүз –3 градус сууктан +2 градуска жылуу.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн –19...-24, күндүз –9....-14 градус суук.
БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн –6...-8 градус суук, күндүз 0...+2 градус жылуу.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева менен Аманбек Дилденбай жана облустагы кабарчылар даярдашты

Редактор Султан Раев

XS
SM
MD
LG