Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:02

Индонезияда өкмөт менен оппозиция күчтөрү ортосундагы кагылышуулар кайра башталды


Индонезия бийлигинин билдиргенине караганда, өлкөнүн Ачей провинциясында оппозициялык куралдуу топтор менен кагылышуулар кайра башталды жана эки аптанын ичинде жүз жыйырмага жакын куралчан адам өлтүрүлдү. Өкмөттүн айтымында, цунамиден жапа чеккен аймактарга жардам жеткирүү иштерине куралдуу топтор тоскоолдук түзүүдө. Оппозиция болсо өкмөттү күнөөлөп, ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди өкмөт биринчи бузду деп айтууда, курман болгондордун саны болсо жыйырма гана адамга жакын. Цунами жалгыз эле Индонезияда 160 миң адамдын өмүрүн алып кетти.

XS
SM
MD
LG