Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Парламенттик шайлоого 288 талапкер катталды


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комисссиясынын дүйшөмбү күнкү маалыматы боюнча Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер катары 288 жаран катталды. 10 адам арыздарын кайра кайтарып алды. 7 жарандын арызы канагаттандырылган жок. Маалыматка караганда, шайлоо комиссияларына бардыгы 460 киши арыз берген. Алардын 389у өз атынан, 71и саясий партиялардын атынан кайрылышкан. Кыргызстандагы саясий партиялар жалпысынан талапкердикке 389 адамды сунуштаган. Белгилеп койчу жагы, Шайлоо кодексине ылайык шайлоо комиссиясына арыз берген талапкерлерди каттоо 2-февралда аяктайт.

XS
SM
MD
LG