Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:43

ОСВЕНЦИМДИН 60 ЖЫЛДЫГЫ: “МУЗЫКА ӨМҮРҮМДҮ САКТАП КАЛДЫ”.


Айнура Жекше кызы, Прага. Ушул аптада Освенцимдин бошотулушуна 60 жыл толууда. Нацисттердин эң ири концлагеринде 4 миллиондон ашуун адам газ камераларында өрттөлүп, ачкандан же илдеттерден көз жумган. Өлүм өкүм сүргөн ошол лагерде кез кезде музыка да жаңырып турчу. Туткун аялдардан куралган оркестрде ойногон виолончелист Анита Ласкер-Уолфиш айым кабарчыбыз Кэтлин Муур менен болгон маегинде өз эскерүүлөрү менен бөлүшүп, музыка анын өмүрүн сактап калганын баяндайт.

Анита Германиянын Бреслау же азыркы Польшанын Вроцлав шаарында туулган. “Маданият биздин үйүбүздө чоң тамга менен жазылчу”, - дейт Ласкер айым. Скрипач апасынын жолун жолдоп, Анита кичинекей кезинен бери виолончельде ойнойт.

Антисемитизм эмне экенин биринчи жолу мектепте сездим. Ага чейин жөөт улутума байланыштуу эч кандай запкы көргөн эмесмин. Мен анда 8 жашта элем. Досканы сүртөйүн десем, бирөө: “Жөөткө тряпканы бербе”, - деп кыйкырды. Бара бара ошол кездеги Германияда жөөт болуш эмне экени даана билине баштады.

Согуш башталганда Ласкер-Уолфиштердин үй-бүлөөсү бөлүнүп калат. Анитанын ата-энеси болжолу менен 1942-жылы атылып кеткен. Эки кызы болсо заводко жиберилет. Ал жерден Анита менен эжеси Рената бир нече жолу согуш туткундарына качууга жардам беришет.

Бир жолу өзүбүз да качууну чечтик. Бирок темир жол станциясына жеткенде Гестапонун колуна түшүп калдык. Бир четинен ошондой жагдайда кармалганыбыз ырас болду. Биз кылмышкерлердин катарына кошулуп калдык. Анткени кылмышкер болуу жөөт болууга караганда жакшыраак болчу. Бир жылча түрмөдө отурдук. Концлагерге салыштырымалуу ал жер коопсуз эле. Бирок андан кийин Освенцимге жиберлдик.

Лагерде кокусунан айтылган бир сөз анын өмүрүн сактап калды.

Освенцимде эмне болуп жатканын жакшы билчүбүз. Өмүрүбүздү газ камерасында аяктоого даяр болушубуз керек болчу. Чачымды кырып, колума жеке номерди чегип жазган аял менен сүйлөшүп жатып, виолончелде ойночумун десем, ал: “Бул жерде музыкалык топ бар”, - деди.Ошентип, мен Биркенаудагы аялдар оркестринин курамына кирип калдым.

Оркестрди композитор Густав Малердин жээни Алма Роуз жетектечү.

Туткундар эртең менен завод-фабрикаларга жөнөгөндө, кечинде жумушунан кайтып келгенде биз марш ойноп турчубуз. Освенцим менен Биркенаунун айланасында чоң-чоң заводдор бар болчу. Лагерде отургандар ошол жерде бекер жумушчу күч катары пайдаланылчу.

Аялдар ошондой эле ССтин офицерлери үчүн да ойношчу. Бир жолу Анита Освенцимдин белгилүү дарыгери Йозеф Менгеле үчүн Шумандын чыгармасын аткарган.

Оркестр керек болуп турган кезде, бизди газ камераларына тыгып салышпайт деген кепилдик бар болчу. Бирок бир күнү оркестрдин зарылдыгы жок дешсе, бизди да кырып салышмак.

1944-жылы Советтик армия Освенцимге жакындаганда, Рената жана Анита Ласкер-Уолфиш башка миңдеген туткундардын арасында Белсен лагерине жөнөтүлгөн. Белсен бошотулгандан кийин эже-сиңди Британияга көчүп кетишкен.

Ал жерде Анита музыка сабактарын улантып, Англиянын камердик оркестрин түптөөгө жардам берген.

XS
SM
MD
LG