Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Цунамиден жабыркаган адамдарга жардам берүү үчүн жетиштүү каражат топтолду


ЖЕНЕВА. Эл Аралык Кызыл Чырым уюму Инд мухутинде болгон Цунамиден жабыркаган адамдарга жардам берүү үчүн жетиштүү акча топтолгонун билдирди. Топон суудан жабыркагандарга көмөк көрсөтүү үчүн уюм 1миллиард 170 миллион доллар топтогонун билдирет. Анын аралыгында Лондондо жайгашкан Оксфам деген уюм соопчулук аракеттеринин арты менен миңдеген адамдарга жардам көрсөтүлгөнүн белгилейт. Бүгүн Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүн топон суу каптаганына туура бир ай толгон күнү алааматтан курман болгон адамдардын саны 280 миң кишиге жеткендиги маалымдалды.

XS
SM
MD
LG