Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Кеңешбек Дүйшөбаев: милиция кырдаалдын курчушуна жол бербейт


БИШКЕК. Бишкек шаарынын милициясы шайлоо алдында баш-аламандыкка жол бербеш үчүн бардык чараларды көрөт, деп билдирди «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаардык ички иштер кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев. Анын айтымында, жагдайды курчутууга жол бербегидей мыйзамдуу аракеттерди жасоого милициянын кубаты жетиштүү. Ошондой эле Дүйшөбаев 7-январда жана 19-январда Бишкекте өткөн нааразылык акцияларына кайрылып, нааразылык акцияларына чыккандар милицияга карата чагым салуу аракетин жасады деп билдирди. Бул күндөрү оппозициячыл саясатчылар нааразылык акцияларын өткөрүшүп, анда расмий бийликти кескин сынга алышкан. Акцияларга чыгууга экс-элчилердин талапкер катары катталбай калышы негиз берген.

XS
SM
MD
LG