Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Отунбаева менен Тургуналиевдин соту уланды


БИШКЕК. Бишкек шаарындагы 1-май райондук соту «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева менен «Кыргызстан элдик кыймылынын» саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевге байланышкан административдик ишти кароону улантты. Бул жарандар Административдик кодекстин 247, 371, 375 беренелерине ылайык коомдук тартипти бузду, милиция кызматкерлерине баш ийген жок деген беренелер менен соттолууда. Бул ишти 1-май райондук соту 19-январда болгон нааразылык акциясына негиздеп ачкан. Саясатчылар бул аракетти бийликтин заказы катары баалап жатышат. Ал эми Бишкек шаардык ички иштер кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев 27-январда өткөн маалымат жыйынында шаардык милиция эч кимден, эч кандай заказ алган эмес деп билдирди.

XS
SM
MD
LG