Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Освенцим өлүм лагеринин бошотулганынын 60 жылдыгы кечээ күнү белгиленди.


Польшанын түштүгүндөгү Освенцим шаарында кечээ күнү белгилүү өлүм лагери Советтик аскерлер тарабынан бошотулганынын 60 жылдыгы белгиленди, жыйынга бир нече мемлекет башчы келди. Анда чыгып сүйлөгөн орус президенти Владимир Путин азыркы террорчуларды фашисттер менен салыштырды: "Фашизм сыяктуу эле, террорчулук дагы өтө коркунучтуу жана катаал. Миңдеген бейкүнөө адам азыр анын курмандыгы болууда. Жакшы же жаман нацист болбогон сыяктуу, жакшы же жаман террорчу да жок. Ошондуктан кош стандарттуулук жөн гана катачылык эмес, адамзат үчүн ал өтө коркунучтуу". Освенцимде бир жарым миллион адам өлтүрүлгөн, алардын көпчүлүгү жөөт болчу.

XS
SM
MD
LG