Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Бишкекте нааразылык акция улантылды


БИШКЕК. 30-январда Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразылык акция улантылды. Кыргызстандын мурдагы элчилери Роза Отунбаева менен Мамбетжунус Абыловдун укуктарын коргоо Комитеттеринин өкүлдөрү, Бишкек шаарынын, Талас жана Ош облусунан келген атуулдар 24 күндөн бери элчилердин парламенттик шайлоого катышуусун талап кылышууда. Алар экс-элчилердин парламентке депутаттыкка талапкер катары катталуусуна негиз берген мыйзамга президенттин кол коюшу, өлкөдө шайлоолор адилет, ачык өтүүсүн талап эткен ураандар жазылган плакаттарды кармап турушту. Пикетчилер мамлекеттик маалымат каражаттары тарабынан алардын аброюна шек келтирген маалыматтар жарыяланып жаткандыгына байланыштуу сотко кайрылуу аракети жөнүндө да айтып жатат. 31-январда нааразылык акция улантылат.

XS
SM
MD
LG