Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ АБХАЗИЯНЫН ЭГЕМЕНДИГИН ТААНЫБАЙТ...


Амирбек Аззам уулу, Прага. Шейшемби күнү Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Грузия жана Абхазияны өз ара саясый диалогду улантууга, “бейстабилдүүлүккө жол бербөөгө жана өз ара элдешүүгө” үндөдү. Келерки айда БУУнун тынчтык миссиясынын башчысы Жан-Мари Гейено регионго визит менен барат. Коопсуздук Кеңеши да өз өкүлдөрүн Тблисиге жана Сухумиге жөнөтмөк болууда. БУУнун элчиси Хейди Талявиинии айым Абхазиянын жаңы жетекчилиги үчүн Грузия менен сүйлөшүүлөрдү алга жылдыруу ыңгайы келгенин, бирок ийгилик тез болбосун эскертти.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши шейшемби күнү жасаган кайрылууда Абхазияда жакында болгон президенттик шайлоо жөнүндө эч сөз жок. Коопсуздук Кеңешинин төрагасы, Аргентинанын БУУдагы элчиси Цезарь Мэйорал кайрылууну окуп жатып, он жыл ашык мезгил чечилбей келаткан саясый чатакты жөндөө үчүн жаңы аракеттерди жасоонун зарылдыгына токтолду:

- Кеңештин мүчөлөрү чатакты –Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык- саясый жол менен жөндөө аракетин жандандыруунун зарылдыгын баса белгилешти. Ошондой эле эки жак бейстабилдүүлүктүн алдын алуу жана өз ара ишенимге жетүүшүгө багытталган диалогду создуктурбай баштайт деген тилек айтылды.

Коопсуздук Кеңеши Абхазияны Грузиянын ажырагыс бөлүгү деп санайт. Абхаз тарап буга макул эмес жана өзүн 1990-жылдардын башында күнкорсуз мамлекет жарыялаган.
Былтыр жайда Грузиянын деңиз күчтөрү түркиялык кемени Сухумиге өткөрбөй артка кайтаргандан кийин, абхаз тарап Грузия менен бийик деңгээлдеги байланышты токтотуп койгон эле. Бирок, өткөн айдан тартып Абхазия майда барат маселелер боюнча Грузия жана БУУ менен кайра кызматташа баштады. Бирок, Абхазиянын жаңы шайланган президенти Сергей Багапш шейшемби күнкү Москвадагы сапары учурунда республиканын күнкорсуздугун жактап, Сухуми-Тбилиси арасындагы диалог эки ортодогу экономикалык байланышка көз каранды экенин билдирди.

БУУнун региондогу элчиси Хейди Талявиинии айым шейшемби күнү кабарчылар менен болгон кездешүүдө, Тбилиси-Сухуми ортосундагы кызматташуунун улантылганы абдан маанилүү, бирок, сүйлөшүүдө тез ийгилик болот деп алданбоо керек экенин эскертти:

-Абхазия үч айдан ашык убакыт саясый кризисте болду. Кризис адамдардын чыдамкайлыгын жоготту жана регионго көп коога алып келди. Менин оюмча, адамдар баштан кечирген окуяларын өздөштүрүшү шарт.

Коопсуздук Кеңешинде иштеген дипломаттардын “Эркин Европа/ Азаттык” радиосуна айтышынча, алар абхаз-грузин аралык бийик деңгээлдеги сүйлөшүүлөр
БУУнун башкатчысынын Грузиядагы достору тобу тарабынан өткөрүлөт деген үмүттө.
Жай башында Россия, АКШ, Германия, Франция жана Британиянын өкүлдөрү Грузия-Абхазия чатагын жөндөөнүн жолдорун Женевада жолугуп талкуулашат.

Хейди Талявиинии айым грузин жана абхаз тарап, абалды курчуп кетүүсүнө жол бербесе, саясый диалогду алгалатуу жеңил болот жана Багапштын бай тажрыйбасы сүйлөшүүнүн ийгиликтүү болуусуна өбөлгө түзөт деген пикирде:

-Ал тынчтык жараянына катышты. Ал маселени билет. Ал биз үчүн бейтааныш инсан эмес. Ошондуктан, талкуулоочу тема табылат жана ал тынчтык сүйлөшүүлөрүнө сөзсүз катышат деп ойлойм.

Коопсуздук Кеңеши жума күнү Грузиядагы тынчтык миссиясынын мөөнөтүн дагы жарым жылга узартмакчы болууда. Миссия 1994-жылы Грузия-Абхазия ортосундагы урушту токтотуу жөнүндө эки жак макулдашкандан кийин түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG