Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

ЕККУнун төрагасы Москвада


МОСКВА. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы, Словениянын тышкы иштер министри Димитрий Рупел иш сапары менен Москвада жүрөт. Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп, уюмду реформалоо боюнча орус тараптын сунуш-пикирлери менен таанышты. Сергей Лавров ЕККУ терроризм менен күрө маселесине жакшы көңүл бурушу керек деп билдирди. Буга чейин Ырасмий Москва Европадагы кооппсуздук жана кызматташтык уюмун кош стандарт саясат жүргүзүп жатат, анысы тигил же бул мамлекетте өткөн шайлоолорго баа берүүдө билинип калып жатат деп сындап келген. ЕККУ болсо өз кезегинде Чеченстанда өткөн президенттик шайлоону эларалык талаптарга жоо берген жок деп тапкан болчу. Орусия баштаган КМШ мамлекеттеринин байкоочулары менен ЕККУнун байкоочулары Украинада жана Грузияда өткөн шайлоолорго да эки башка баа беришти.

XS
SM
MD
LG