Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Грузиядагы жардыруудан үч адам каза тапты


ТБИЛИСИ. Грузиянын борборунан батышта 80 чакырым алыста жайгашкан Гори шаарынын милиция бөлүмүнүн имараты алдында бүгүн болгон жардыруудан 3 адам каза таап, кеминде дагы ондой тургун жаракат алышты. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин өкүлүнүн маалыматына караганда дүрмөттөлгөн автомашина жардырылып, милиция имаратынын таш-талканы чыгып кетти. Грузиянын вице-премьер-министри Георгий Барамидзе жардыруу ашынган кылмышкерлердин колунан келди болуш керек деп билдирди:

- Полициянын кызматкерлери окуя болгон жерде иликтеп-тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Тийиштүү чаралар дароо көрүлдү. Биз бул кылмышка ким буйрук берип, аны ким жасаганын сөзсүз аныктайбыз. Кылмышка тиешеси барлардын баары сөзсүз жазасын алышат.

Өлкөнүн ички иштер министри Вано Мерабишвили жардырууну террордук актыга окшош деп баалаган болчу. Азырынча жардырууну эч бир уюм өз мойнуна ала элек.

XS
SM
MD
LG