Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

ГРУЗИЯДАГЫ ТЕРРОР АРАКЕТИ


Нарын АЙЫП, Прага Грузиянын Гори шаарында 1-февралда болгон жарылуу коомчулукта ар башка пикирлерди жаратты. Айрым саясатчылар Түштүк-Осетия автономиясын жана анын артында турган Орусияны күнөөлөсө, башкалырдын оюнда, кимдир бирөөгө президент Михаил Саакашвилинин акыркы тынчтык демилгелери менен анын Нобел сыйлыгына көрсөтүлгөнү жаккан эмес.

Гори шаары Грузияда - Түштүк-Осетия автономиясынын чек арасынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан, Осетия болсо акыркы жылдарда мыйзамсыз сооданын очогуна айланганы белгилүү, ошондуктан Гориде дагы кылмышкерлер көп. 1-февралдагы жардыруу - шаардык милиция бөлүмүнүн жанында болгон жана 100 килограммга жакын жарылуучу зат жүктөлгөн машине милиция башчысы Александрай Сухиташвилинин терезесинин алдына алып келип коюлган. Бирок террор аракети ишке ашырылаар алдында Сухиташвили кайсы бир себептен имараттан чыгып кеткен, жарылуудан болсо үч милициячы өлүп, дагы жыйырмадай киши жараат алды, алардын көпчүлүгү - жөн эле көчөдө басып бараткан бейкүнөө адамдар.

Былтыр президенттик кызматка киришээри менен Михаил Саакашвили коррупцияга каршы айныгыз согуш жарыялады жана Гори шаарынын милициясына ал согушта өзгөчө маани берилген. Саакашвили ошол эле 1-февралда дароо Улуттук коопсуздук кеңешинин шашылыш жыйынын өткөрүп, бул террор аракетинин артында саясий себептер жатканы тууралуу айтты: "Саясий себептен жасалган бул террор аракетинин максаты алыска кеткени айтпаса да көрүнүп турат".

Өлкөнүн тышкы иштер министри Саломе Зурабишвилинин пикиринде, террорду даярдаган күчтөр президент Саакашвилинин акыркы демилгелерине балта чабууга аракеттенген: "Бул күчтөргө президентибиздин өткөн аптада жасаган тынчтык демилгелери жаккан эмес болуш керек. Андан тышкары аларга өлкөдө орной баштаган стабилдүүлүк жана эл аралык сахнада Грузиянын пайда боло баштаган кадыр-баркы менен андан келип чыккан президенттин Нобел сыйлыгына көрсөтүлүшү жаккан эмес".

Январдын аягында Саакашвили Страсбург шаарында Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясында чыгып сүйлөп, Түштүк Осетия боюнча иштелип чыккан жаңы планды жарыялаган. Ага ылайык, эгер Түштүк Осетия кайрадан Тбилисиге баш ийсе, ага кеңири саясий, экономикалык жана маданий автономия берилет.

Анткен менен коргоо министри Ираклий Окруашвилинин айтымында, жардыруунун андай саясий окуяларга тийешеси жок болушу да мүмкүн: "Президенттин акыркы тынчтык демилгелерине бул жардыруунун тийешеси бар дегенге мен ишенбейм, анткени террор аракети Страсбургдагы жыйынга чейин эле даярдала баштаган. Машиненин ээси алмашып, ал мындан бир ай мурда жаңы каттоодон өткөн. Бул террор аракетин уюштургандар бизди атайылап - түштүк осетиялыктарга күнөө тагуу жолуна түртүүгө аракеттенүүдө. Алар бизди жаңы жаңжалга баткызууну көздөйт".

Дагы бир министр, жаңжалдарды жөнгө салуу маселеси үчүн жооптуу Гиорги Хайндраванын пикиринде дагы, азыртан эле жыйынтык чыгарып, кимдир бирөөнү күнөөлөөгө өтүү али эрте. Анын айтымында, Грузиядагы абалды бейтстабилдештирүүгө кызыкдар Түштүк Осетия же Орусиядан башка дагы күчтөр дүйнөдө көп.

Түштүк Осетиянын маалымат борборунун башчысы Ирина Гаглоева болсо Грузиянын "Рустави-2" сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөп, Түштүк Осетияга каршы айтылып жаткан күнөөнүн баарын четке какты.

XS
SM
MD
LG