Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Украина: Юлия Тимошенко дагы бир күн күтөт...


Украинанын парламенти Юлия Тимошенкону премьер-министрликке бекитүүнү кийинге калтырды. Парламенттин төрагасынын орун басары Адам Мартинюктун билдиришинче, депутаттар кызуу талкуудан кийин эртең чогулалы деп чечишкен.

Тимошенко премьер-министр болушу үчүн 450 депуттаттын 226сынын колдоосу жетиштүү.

Парламентарийлердин айтымында, жаңы өкмөттүн курамы боюнча чыккан талаштан улам Тимошенкону бекитүү эртеңге калтырылган.

Юлия Тимошенко коррупциянын тамырын кыркууну, калктын жашоо деңгээлин көтөрүүнү жана бийлик институттарын Евростандартка жеткирүүнү өзүнүн башкы максаты деп санайт.

Виктор Юшенко НАТО үстүбүздөгү айда НАТОнун Брюсселде болчу саммитине чакырылды.
Бүгүн жасалган чакырууда 22-февралдагы жыйында Украин президенти НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен кездешет деп көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG