Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

АКШнын мамлекеттик катчысы Берлинге келди


Кондализа Райс немец канцлери Герхард Шрөдөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мамлекеттик катчы Германияны Иракты кайра куруу ишине көмөктөшүүгө чакырды. Тараптар Ирандын атомдук программасына байланыштуу маселени да талкуулашты. Вашингтон менен Берлиндин мамилелерине токтолуп, АКШ менен Германия бирдей асылнарктарды карманарын белгиледи жана эки өлкө алакаларын бекемдей аларын ырастады. Андан мурда Лондондо Райс британ премьери Тони Блэр жана тышкы иштер министри Жек Стро менен жолугуп, Вашингтондун Ирактагы саясатын активдүү колдогону үчүн аларга ыраазылык билдирген эле.

XS
SM
MD
LG