Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:25

“Кыргызтелеком” тагдырын жаңы парламент чечет


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү быйыл мамлекетке тиешелүү акциясы бар ишканаларды сатуудан 257 жарым миллион сом казынага түшөт деп ниеттенүүдө. Анын ичинде Карабалтадагы тоо-кен комбинатынын акциясы 200 миллион сомго сатылат деп болжолдонууда. Ал эми мамлекетке тиешелүү 51 проценттик акциясын германиялык жана орусиялык компаниялар сатып алууга кызыкдар болуп жаткан «Кыргызтелеком» компаниясынын тагдыры жаңы парламенттин кароосуна коюлат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет тараткан маалымат боюнча, ушул жылдын 1-январына карата менчиктештирүүдөн өткөн жылы казынага 291 миллион 385 миң сомго жакын акча түштү. Анын ичинде мамлекеттик акциясы бар ишкана менен жайларды сатуудан 206 миллион 803 миң сом, ижарага берүүдөн 7 миллион 385 миң сом түшкөн.

XS
SM
MD
LG