Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:59

Мисирде жөөт-палестиналык саммит болуп өттү


Мисирдин Шарм-эл-Шейх шаарында бүгүн Израилдин премьер-министри Ариел Шарон менен Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббастын көпкө күтүлгөн жолугушуусу болуп өттү. Төрт жылдан бери уланып келаткан кандуу кагылышууларды эки жетекчи толук токтото турганы жөнүндө жарыялады. "Израилдин премьер-министри Ариел Шарон менен биз бардык куралдуу аракеттерди, алар жөттөргө каршы болобу, палестиналыктарга каршы багытталабы, кай жерде болосун токтотуу тууралуу маекулдаштык", - деди Махмуд Аббас.

Палестиналык ортомчу Саеб Эрекаттын жолугушуу алдында айтканына караганда, тараптар андай макулдашууну аткарууга сөзсүз аракеттенет: "Алдын ала түзүлгөн келишим боюнча, Израилге каршы бардык куралдуу аракеттерди толук токтотулушу тууралуу жарыяланат. Ариел Шарон дагы арабдарга каршы аракеттердин токтотула турганын айтат. Андай келишимди аткарууга биз бардык мүмкүн болгон күчүбүздү жумшайбыз".

Саммит алдында Аббас жана Шарон менен Мисир президенти Хосни Мубарак дагы кездешти, жолугушууга Йорданиянын падышасы Абдалла да келди. Мисир менен Йордания Израилге өз элчилерин кайра жибере турганын билдирди, алар 2000-жылы чакыртылып алынган.

XS
SM
MD
LG