Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Б.Жанузаков тынчсыздануусун билдирди


БИШКЕК. Президенттин администрациясы шайлоо учурундагы мыйзам бузууларды көзөмөлгө алуу максатында жумушчу топ түздү. Юридика бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов жетектеген бул топ парламенттик шайлоонун үгүт иштеринин учурунда мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүндөгү бейтараптыкты көзөмөлгө алат. Мамлекеттик кызматкерлер тарабынан мыйзам бузган фактылар катталса, алардын иштери тиешелүү уюмдарга өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу 10-февралда «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында президенттик администрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков кабарлады. Ушул эле жыйында Болот Жанузаков шайлоо жараянында айрым маалымат каражаттары жагдайды курчутуп жатканына тынчсыздануусун билдирди. Мындай маалымат каражаттарынын катарына «МСН», «Республика» жана «Демократ» гезиттерин кошту.

XS
SM
MD
LG