Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Түндүк Корея Кошмо Штаттары менен түз сүйлөшүүнү каалайт


КАНБЕРА. Пхеньян көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайра улантыш үчүн Кошмо Штаттары менен түздөн-түз байланышты талап кылууда. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Бириккен улуттар уюмундагы миссиясынын башчысынын орун басары Хан Сун Но билдирди.

Ал арада дүйнө коомчулугу Пхеньянды Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырууда. Кечээ Түндүк Кореянын бийлиги ядролук куралы бар экендигин жарыялап, өлкөнүн өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө мындан ары катышпай тургандыгын билдирген болчу. Бүгүн Кытай, Түштүк Корея, Орусия, Германия жана Австралия Пхеньянды өз чечимин жандырууга чакырып, сүйлөшүүлөрдү улантууга үндөдү. Мындан мурда Кошмо Штаттарынын бийлиги жана Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан дагы Түндүк Кореянын бийликтерин кайра жакшылап ойлонуп көргүлө деп көндүрүүгө аракет кылган.

– Мен сүйлөшүүлөргө катышып келген мамлекеттердин күч-аракети менен Түндүк Кореяны кайра сүйлөшүүлөр отурумуна көндүрүүгө болот деп күтүп атам. Алака кайра калыбына келиш үчүн муну сөзсүз жасаш керек, - деди Кофи Аннан.

Ал эми Австралиянын премьер-министри Жон Гоувард Түндүк Кореянын атомдук куралы бар экендигине ишенбей тургандыгын, бирок Пхеньяндын мындай билдирүүсүнө кайдыгер карай албасын билдирди:

– Биз коркунуч-кооптуу абалда калдык. Түндүк Кореянын билдирүүсү калпы-чыны аралаштай көрүнөт. Эгер ядролук курал жагдайында чындыгында эле мүмкүнчүлүгү бар болсо, менимче, анысын ашыра баалап жаткандай. Бирок биз баарыбыз бир нерсени айныксыз түшүнүшүбүз керек: бул - реалдуу проблема, аны чоң чеберчилик менен, акыл-эске салып чечишибиз керек.

Түндүк Корея мындай чечими менен Кошмо Штаттарынын саясатына каршы экендигин билдирип, Иранга колдоо көргөзүү максатында жасаганын жарыялаган. Иран дагы Америка тарабынан ядролук курал жасоого аракет кылып жатат деп сынга алынып келатат. Ырасмий Тегеран өлкөнүн ядролук программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн айтат.

XS
SM
MD
LG