Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Дүйнөнүн коргоо министрлери кантип коопсуз жашоону талкуулап жатышат


Коопсуздук маселелери боюнча жылына өтүп туруучу эл аралык конференция бүгүн Германиянын Мюнхен шаарында ишин баштады. Бул жолу конференцияга 40 өлкөнүн Коргоо жана Тышкы иштер министрлери катышууда. Алардын арасында НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер менен Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан да бар.

Конференцияда АКШнын Коргоо министри Дональд Рамсфельд “АКШ менен Европа ич-ара пикир келишпестиктерин коюп, эми террорго каршы күрөшкө биргелешип киришүү керектигин” айтты.

- Ушул тапта бир эл жалгыздыкта экстремисттерди жеңе албашы дайын болуп олтурат. Ошондой эле эч кайсыл улут жалгыз туруп, жаңы доордун коркунучтарына ийгиликтүү туруштук бере албайт. Дүйнөдө коркунучтуу өзөктүк куралдардын таркашын токтотуу иши көптөгөн элдердин биргелешкен аракетин талап кылат. Бул – глобалдык маселе, андыктан ошончолук деңгээлдеги аракет жумшоо зарыл, - деди Мюнхендеги конференцияда АКШнын Коргоо министри Дональд Рамсфельд.

Конференция Ирандын жана Түндүк Кореянын өзөктүк курал программалары, андан сырткары, Ооганстанда тынчтыкты орнотуу күчөтөрүн дагы кеңейтээрин айткан НАТОнун аракеттерин талкууга алышы керек.

XS
SM
MD
LG