13-февралда өткөн маалымат жыйынында, Ирактын шайлоо комиссиясынын ырасмий өкүлдөрү Шийилердин альянсы 4 миллиондон ашуун добуш алгандыгын жарыялашты. Күрттөрдүн партиясы болсо 2,17 миллион добуш менен марага экинчи болуп келди. Ал эми премьер-министр Йад Аллави жетектеген саясий топ 1,16 миллион добушка ээ болду.
Бирок комиссиянын басма сөз өкүлү Фарид Айар бул санактар жыйынтыктоочу эмес экенин, алар ырасмий жарыялануунун алдында бекитилүүгө тийиш деп билдирди:
- Эртеңден баштап комиссия арыз-даттанууларды кабыл ала баштайт. Арыз берүүгө 3 күн берилди. Ошол 3 күндүн ичинде биз аларга жооп берүүгө аракеттенебиз. Балким, бизге кошумча убакыт талап кылынаар. Ушул процедура аяктагандан кийин шайлоонун жыйынтыгы биротоло бекитилет.
Комиссия ошондой эле шайлоочулардын 58 проценти, башкача айтканда, 8,55 миллион киши добуш берүүгө катышкандыгын ырастады.
Сунилердин саясий лидери Аднан Пачачи Ирактын көз карандысыз демократтары деген топтун атынан ат салышкан. Пачачи сунилердин катышуусунун төмөн деңгээлин өкүнүчтүү деп атап, ошол эле мезгилде добуш берүүнүн легитимдүлүүгү жөнүндөгү маселени көтөрбөй турганын ырастады:
- Албетте, добуш берүүчүлөр активдүүрөк катышса, жакшы болмок. Айрым участкаларга элдин аз келгендиги шайлоо тең салмактуу болгон жок деген таасир калтырат. Бирок мен анын легитимдүүлүгүн талашпайм. Шайлоо легитимдүү болду. Ирактыктардын калың катмары өз эркин билдирип, добуш берди. Тилекке каршы, көптөрү шайлоого катышкан жок.
Бир катар аналитиктер менен журналисттер суни мусулмандардын саны парламентте чектелүү болгондуктан, козголоңчулардын аракеттери күчөшү мүмкүн дешет. АКШ баштаган коалицияга каршы күрөшүп келаткан адабатчылардын көбү – сунилердин өкүлдөрү болгон араб согушкерлери.
Улуттук ассамблеянын курамы аныкталаары менен, орган төрага менен анын эки орун басарын тандайт. Алар өз кезегинде, эки жуманын ичинде өкмөт башчыны жана кабинет мүчөлөрүн атоого тийиш.
Премьер-министрдин кандидатурасы жана өкмөттүн курамы парламентте көпчүлүк добуш менен бекитилет. Улуттук ассамблея ошондой эле 15-августка дейре конституциянын долбоорун иштеп чыгышы керек.
Долбоор түзүлгөндөн кийин документ 2005-жылдын 15-октябрына чейин элдик добуш берүүгө коюлууга тийиш.
Башмыйзам элдин колдоосуна ээ болсо, 15-декабрга чейинки мөөнөттө жалпы элдик референдум өткөрүлмөкчү. Конституция жактырылбай калса, Улуттук ассамблея таркатылып, декабрдын ортосуна чейин жаңы шайлоо болот.