Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Жугуштуу оорунун айынан айрым мектептер убактылуу жабылды


КАРАКОЛ. Облустук билим берүү башкармалыгынан алынган маалымат боюнча, Ыссыккөл облусунун Аксы районундагы Мамакеев, Киров жана Субанбеков атындагы орто мектептерде 21-февралга чейин окуу токтотулду. Буга жогорку класстын окуучуларынын арасында жугуштуу паратит оорусунун кескин жайылышы себеп болду. Райондук санитардык -эпидемиологиялык дарыгерлеринин тастыктоолоруна караганда, жугуштуу паратит оорусу менен көбүнчө балдар жабыр тартышууда. Дарыгерлердин айтымында, элеттиктер паратит оорусунун ден-соолукка канчалык таасир тийгизээрине анча маани беришпейт, андыктан профилактикалык иштерди ырааттуу жүргүзүү зарыл.

XS
SM
MD
LG