Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

А. Акаевди кызматтан кетирүү боюча кол топтоо улантылууда


БИШКЕК. Мамлекет башчы Аскар Акаевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүнү каалаган атуулдардын колун топтоо республиканын бардык региондорунда улантылууда. 14-февралга карата 28 миң адамдын колу топтолду. Бул тууралуу Кыргызстан элдик патриоттук кыймылынын лидерлеринин бири Нурлан Мотуев 14-февралда журналисттерге маалымдады. Мамлекет башчысын кызматтан кетирүү боюнча атуулдардын колун топтоо иш чарасы “Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа” кыймылы жана Кыргызстан элдик патриоттук кыймылы тарабынан соңку бир нече айдан бери жүргүзүлүүдө. Алар мамлекет башчы Аскар Акаевге «ал өлкөнү башкарган соңку он жылдан ашуун мезгилде «Кумтөр» алтын кени сыяктуу Кыргызстандын эң кирешелүү ишканалары жең ичинен сатылды, 130 миң гектар жер Кытайга берилди, Аксы окуясы учурунда алты азамат атылды, жумуштун жоктугунан миңдеген кыргыз атуулдары чет өлкөлөргө кетүүгө мажбур болушту» деген айыптарды коюп келишет. Ал эми аткаруу бийлиги мындай айыптоолор менен макул эмес.

XS
SM
MD
LG