Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

Кыргызстан КМШга басым жасайт


БИШКЕК. 2005-жылы Кыргызстандын тышкы саясатында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өнөктөш өлкөлөр менен болгон кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулат. Мындай пикирин өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов министрликтин 16-февралда өткөн коллегиясында билдирди. Министрдин айтымында, мындай кызматташтык эң ириде Борбор Азия регионундагы жамааттык коопсуздук системаны бекемдөө багытында Орусия менен жүргүзүлүшү керек. Аскар Айтматов Кыргызстан улуттук коопсуздугун камсыздоодо башкы ролду ойногон уюмдардын бири катары Шанхай кызматташтык уюму менен болгон алакаларын жакшыртууга да көңул бурат деп билдирди. Министрдин айтымында, Кыргызстандын тышкы саясатындагы башкы багыттарынын бири КМШнын алкагында интеграциялык жараяндарды өнүктүрүү маселеси болуп кала бермекчи.

XS
SM
MD
LG