Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Ливандын мурдагы премьер-министри бүгүн жайга коюлду


Экс- премьер Рифак Харири дүйшөмбүдө жан кечтинин жардыруусунан мерт кеткен. Көпчүлүк ливандыктар анын өлүмү үчүн Сирия жооптуу деп эсептешет. Харири Сириянын таасирине каршы чыгып, былтыр октябрда отставкага кеткен.
Ырасмий Дамаск кол салууну айыптады. Бирок окуядан кийин БУУ жана Франция баш болгон эл аралык коомчулук Сирия Ливандан аскерлерин чыгарып кетишин талап кыла баштады.
АКШнын региондогу өкүлү Уильям Бөрнс Сирия аскерлерин “толугу менен жана кечиктирилбестен” чыгарып кетүүгө тийиш деди.
Мечитте өткөн диний жөрөлгөгө бир катар европалык жана араб мамлекеттеринин расмий өкүлдөрү катышты. Хариринин жакындары Ливандын президенти жана сириячыл башка жетекчилердин тажыяга келишин каалабай тургандыгын айтышкан.

XS
SM
MD
LG