Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

БОКС БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕМПИОНАТЫ ӨТҮҮДӨ


Үч күндөн бери Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда өлкөнүн бокс боюнча чемпионаты өтүп жатат. 18- февралда жарым финалдык мөрөй талаш болду.

18- февралда жарым финалдык күч сынашуулар болуп, баш байгеге талапкерлер аныкталды. Жеңил салмакта жалалабаддык Тимур Жапаров менен Ош дубанынан келген Абазбек Абдуллаев өлкөнүн чемпиондугу үчүн күч сынашат.

51 кг. салмакта болсо финалга жалалабаддык Гиясидин Салиев менен кочкорлук Сапарбек уулу Тилек чыкты. 54 кг. салмакта баш байге үчүн карабалталык Мирлан Аманкулов менен Кыргыз дене тарбия институтунун студенти Нурлан Абласов рингге чыгышат. Ошондой эле 57 кг. салмакта оштук спорт чебери Эрмек Орозматов менен канттык Валихан Мукатаев ортосунда финалдык таймаш болот.

60 кг. салмакта Афина олмпиадасынын катышуучусу канттык Асылбек Таласбаев жарым финалдык таймашууда жалалабаддык Улан Сагынбаевди утуп, финалга катышууга укук алды. Асылбек атаандаштары жана алдыдагы максаттары тууралуу буларды билдирди:

- Быйылкы чемпионат абдан курч мүнөздө өтүүдө. Атаандаштарым дагы жакшы даярдык менен келиптир. Мына азыркы Улан менен болгон беттешүүгө күбө болдуңуздар. Уланга баа берем, келечекте мыкты бокс чебери болмокчу. Алдыдагы максатым- дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын сактоо. 2008- жылы Пекинде өтчү олимпиадалык оюндарга жолдомо жеңип алууга жетишүү .

Асылбек Таласбаев 19- февралда былтыркы чемпиондук наамын коргоо үчүн Кочкор районунан келген Азим Мирбакиев менен беттешет.

64 кг. салмакта өлкөнүн чемпиондугу үчүн караколдук Жаныбек Кыдыкбаев менен бишкектик Тилеберди уулу Абыл рингде таймашат.

Ал эми 69 кг. салмакта канттык Илья Поликпашев жарым финалда жеңишке жетип, чолпонаталык Каныбек Эгембаев менен баш байге үчүн каршы чыгат. 75 кг. салмакта жалалабаддык Бекзат Исаев менен канттык Давран Хабировдук ортосунда чемпиондук үчүн күч сынашуу болмокчу.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык калыс Эген Рыскулов өлкөдө бокстун өнүктүрүүгө шарт бар экенин белгиледи:

- Айтмакчы, спорттун башка түрлөрүнөн Бишкек шаарынын спортчулары артыкчылык кылышса, ал эми бокстан андай эмес. Башка облустардын бокс мектептери да борбордон калышпайт. Үч күндүк мелдештин жүрүшүндө өзгөчө жалалабаддыктар, кочкорлуктар, канттык спортчулар айырмаланышты. Келечектүү жаштар өсүп келатканы кубандырат.

81 кг. салмактагы боксчулардан чебердигин көрсөткөн оштук Бегзат Тургунов менен бишкектик Мирлан Жолубеков финалга чыгышты. Ал эми 91 кг. салмактагы бишкектик Руслан Мырзатаев менен оштук Эмил Абышкаевдин кимиси өлкөнүн чемпиону болоору 19- февралда анык болмокчу. Ошондой эле оор салмакта баш байге үчүн оштук Шерзат Тургунов менен жалалабаддык Тимур Абдыкадыров күч сынашмакчы.

Өлкөнү эл аралык аренага тааныткан, жаштар арасында дүйнө чемпиону, Афина олимпиадасынын катышуучусу Айбек Абдымомуновдун устаты Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бейшен Сабатаров мындай деди:

- Олимпиадалык оюндарга 4-5 жыл үзбөй даярдык көрүү зарыл. Афина олимпиадасына Айбек экөөбүз 3-4 ай гана даярдандык. Анан кантип ийгиликке жетүүгө болсун. Эл аралык чоң мелдештерге барбасак, каражаттын жоктугу кендирди кести. Былтыр эки жолу эл аралык аренага чыгып, биринде Азия чемпионатында күмүш медаль утуп, Афинага жолдомо жеңип алсак, экинчисинде Кореяда өткөн жаштар арасында дүйнө чемпионатында Кыргызстанга алгачкы алтын медаль утуп келдик. Эгерде Айбекке жакшы шарт түзүлсө, азыр деле ийгиликтерге жетүүгө болот.

Быйылкы күч сынашууга өлкөнүн бардык аймагынан 200гө жакын боксчу келип, өз өнөрлөрүн көрсөтүүдө.

Кыргызстандын бокс боюнча чемпионатынын жеңүүчүлөрү 19- февралда аныкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG