Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

АКШ элчиси шайлоолор ачык- айкын өтүшүн күтөт


БИШКЕК. “Эгерде Аскар Акаев келээрки шайлоого барбаса, демократиянын баштоочусу катары өзүнүн артында эң чоң сабак калтырат”. Мындай пикирин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде билдирди. Элчи ошондой эле 27-февралда өлкөдө боло турган парламенттик шайлоо эркин жана адилеттүү өтөөрүнө ишенээрин айтып, « Мен Кыргызстанда ушул шайлоолордун ачык өтушүн жана ал келечекте кыргыз-америка мамилелерин мындан да жакындатышын күтөм» деп кошумчалады. Стивен Янг кокус Кыргызстанда боло турган шайлоолор ачык айкын болбой калса, мындай жагдай АКШнын гана эмес, көптөгөн эл аралык уюмдардын көңүлүн муздатат деген көз карашта. АКШнын Кыргызстандагы элчиси белгилегендей, Кыргызстанга буга чейин көрсөтүлгөн жардамдар эң оболу бул өлкөнүн келечекте демократиялык мамлекет курууга болгон умтулуусунан улам берилген.

XS
SM
MD
LG