Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:39

Митингде билдирүү кабыл алынды


БИШКЕК. 19-февралда Бишкекте өткөн митингдин катышуучулары билдирүү кабыл алышты. Анда президент Аскар Акаевдин “МСН” гезити боюнча кайрылуусу коркутуу жолу менен бийлигин сактап калуу аракети катарында бааланган. Атуулдардын көз карандысыз жана калыс маалымат алуу боюнча конституциялык укугуна олуттуу коркунуч туулуп, аларды өкмөттүк жана үй-бүлөлүк маалымат каражаттарына ыктатууга аракет жасалганы айтылат. “Президенттин үй-бүлөсү Бишкектеги кымбат квартираларды сатып алып, кайсы каражатка жашап жатканы, аялы курдурган хансарай канчага бааланганы тууралуу мамлекет башчы толук маалымат беришин талап кылабыз. Президент үй-бүлөсүнүн абийирин, ар-намысын сотко бербей туруп, мына ушул жол менен коргой алат” деп айтылат билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG