Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:13

Кытай кыргыз жолун оңдоого көмөктөшөт


БИШКЕК. Кытай элдик республикасы Бишкек менен «Манас» аэропортунун ортосундагы автожолду ремонттоого 30 миллион юань берет. Мындай чечим Кыргызстандын биринчи вице-премьер министри, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев менен Кытайдын коммерция министринин орун басары Чжан Чжиган баштаган делегациянын ишембидеги жолугушуусунда кабыл алынды. Жолугушууда Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолунун 124 - 240 чакырымдарын жакшыртуу маселеси да талкууланды. Андан тышкары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстанды туташтырган темир жолун куруунун техника –экономикалык негиздерин түзүү үчүн үч тараптуу эксперттик топтун ишин кайра жандандыруу да талкууланды. Мындай маалымат өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG