Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Испанияда референдум өттү


Евробиримдиктин Конституциясын кабыл алуу боюнча жекшембиде Испанияда жалпы элдик референдум өттү. Анда испаниялыктардын басымдуу бөлүгү сунушталган Баш мыйзамды жактырышты.
Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, Евробиримдиктин Конституциясын добуш берүүчүлөрдүн 77%зы жактырган, ал эми 16%зы ага каршы экендигин билдирди. Жалпысынан, референдумга катышуу активдүүлүгү төмөн болду. Добуш берүүгө укуктуу атуулдардын 41%зы гана чөлкөмдөргө келишкендиги айтылат.

Испаниянын премьер-министри Жозе Луис Родригес Запатеро:

- Биз бүгүн жалпы эле Европа Биримдигинин келечеги үчүн өтө маанилүү чечим кабыл алдык. Бул Испаниянын да келечеги, бейкутчулугу үчүн өзгөчө маанилүү аракет, - деди испан өкмөтүнүн башчысы Луис Родригес Запатеро.

Европа Биримдиги боюнча 10 мамлекетте Конституцияны кабыл алуу үчүн референдум өтөт. Испания ал 10 өлкөнүн биринчиси болду. Негизи, Баш мыйзамды Евробиримдиктеги үч өлкө буга чейин эле жактырган.
Испаниядагы референдумдун жыйынтыктарын Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү Ховьер Солана жылуу кабыл алгандыгын айтып, бул окуя европалык башка мамлекеттерде жакын айларда өтүүчү иштерге да оң таасирин берет ко деп үмүттөнөөрүн айтты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG