Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

ИРАКТЫН ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИЛИГИНЕ ТАЛАПКЕРЛЕР КӨРСӨТҮЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Иракта парламенттик шайлоодо жеңип чыккан шийи партиясы өз жетекчиси Ибрагим ал-Жаафарини 22-февралда премьер-министрлик кызматка көрсөттү. Партиясы үчүнчү орунда калган азыркы премьер-министр Айяд Аллави дагы премьерлик кызматка күрөшө турганын 23-февралда билдирди. Шайлоодо экинчи орунду ээлеген күрттөр болсо өлкөнүн жаңы президенти кылып күрт өкүлүн шайлоону көздөөдө.

Отузунчу январда шайланган Ирактын жаңы парламентинде 275 орун бар жана алардын жарымына жакыны - 48 пайыз - Бириккен Ирак альянсы деп аталган шийи блогунун колуна тийди. Ал блок эки шийи партиясынан турат жана алардын бири - Исламдык ал-Дава партиясынын жетекчиси Ибрагим ал-Жаафари 22-февралда өлкөнүн премьер-министрлик кызматына көрсөтүлдү. Азыр ал башка партиялар менен сүйлөшүү жүргүзүп, коалициялык өкмөт түзүүгө аракеттенүүдө. Жаафари мурда өлкөнүн вице-президенти болуп иштеген.

Улуу Британиянын Икзетер университетинин адиси Ларби Садикинин айтымында, Жаафари өтө кадыр-барктуу саясатчы жана эл арасында ал азыркы премьер-министр Айяд Аллавиден да көп колдоого ээ.

Кээ бир эксперттер анын кошуна ирандык динаятчылар менен мамилеси жакшы экенинен чочулайт, бирок Садикинин айтымында, диний маселелерде Жаафари анчалык консерватор эмес жана анын фундаменталисттик маанайы жок:

- Ирандын шийи жетекчилери менен салыштырганда, ал диний идеологияга көп берилбеген адам жана прагматик саясатчы. Иран менен салыштырууну улантсак, консерваторлорго караганда, ал Ирандын реформачыл саясатчыларына жакын.

Жаафари өзү дагы түзүлүп жаткан өкмөткө өлкөнүн бардык саясий катмарларынын өкүлдөрү кирүүгө тийиш деп айтат:

- Биздин ишенимибизде, биздин сунни бир туугандарыбыз дагы өкмөткө мүчө болуп кирүүгө тийиш, анткени алар Ирак коомунун негиздеринин бирин түзөт. Ошондуктан алардын өкмөткө шайланууга толук укугу бар.

Андан тышкары жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттердин пикиринде, Жаафари коррупцияга көп малынбаган саясатчы катары жана Ирак шийилеринин руханий жетекчиси аятолла Али ал-Систаниге жакындыгы менен белгилүү.

Он төрт пайыз добуш менен шайлоодо экинчи орунга чыгып, парламенттеги кыркка жакын орунга ээ болгон күрттөр дагы өз өкүлдөрүнүн жетекчилик кызматка жетишин эңсейт жана күрт лидерлеринин бири Жалал Талабани өлкөнүн жаңы президенти болот деп үмүттөнөт.

Ошентип, мурдагы президент Саддам Хусейндин учурунда катуу куугунтукталган шийилер менен күрттөр азыр өлкө жетекчилерин тандоо мүмкүнчүлүгүнө жетти.

Анткен менен Жаафариге атаандаштар да чыкты. Азыркы утурумдук премьер-министр Айяд Аллави дагы 23-февралда атайын билдирүү жасап, ал дагы парламентке шайланган саясатчылар арасында кеңири коалиция түзгөндүгү тууралуу жарыялады. Ал коалиция Аллавини жакын арада премьерлик кызматка көрсөтүшү мүмкүн.

Шайланган парламент баары бир утурумдук уюм болот, ал бир жылдын ичинде өлкөнүн жаңы конституциясын иштеп чыгууга тийиш жана анын негизинде Ирактын жаңы президенти шайланат.

Сунни мусулмандарынын көпчүлүгү болсо шайлоону бойкоттоду, бирок шайлоого катышкан сунни жетекчилери дагы ийгиликке жете алган жок.

Мурдагы утурумдук президент Гази ал-Явар жетектеген партия эки пайыздан да аз добушка гана жетишти, белгилүү сунни саясатчысы Аднан Пачачинин уюму болсо андан да кем добуш алды.

XS
SM
MD
LG