Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Сирия Ливандагы аскерлерин кыскартууга макул


Бирок, аскерлер чыгарылгандан кийин, Ливан армиясы жана коопсуздук кызматы бейпилдикти камсыздагандай болуш керек деп эскертти Сириянын тышкы иштер министринин орун басары Валид Муалем:

-Сирия өз миссиясын мүмкүн болушунчу үзүрлүү аяктоо үчүн БУУнун Башкатчысы менен чогуу аракетгенге кызыкдар. Сирия аскерлерди чыгарып кетүү боюнча Тайф келишимин жана Сирия-Ливан ортолук башка келишимдерди аткарууга даяр экенин тастыктайт.

Азыр Ливанда сириялык 14 миң аскер бар. Алты жыл мурда 35 миң болчу.

Сириянын Ливандан аскерлерин чыгарып кетүүсүн Израил колдоду.

Бир нече күн мурда өлкөнүн экс-премьер-министри Рафик Харири өлтүрүлгөндөн бери Ливанда антисириялык маанай күчөдү.

XS
SM
MD
LG