Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Кочкордо митингден кийин эл тарады


БИШКЕК. 25-февралда Кочкор районунда 2 миңдей адамдын катышуусу менен митинг болуп, анда шайлоодон четтетилген талапкерлер Акылбек Жапаров жана Бейшенбек Болотбеков чыгып сүйлөштү. Алар шайлоочуларды 27-февралда добуш берүүгө келип, бирок №34 Кочкор шайлоо округу боюнча бардык талапкерлерге каршы добуш берүүгө чакырышты. Митинг аяктагандан кийин шайлоочулар тарап кетишти. Бул тууралуу Акылбек Жапаровдун штаб башчысы Талант Ибраев маалымдады. Бул кабарды «Эр айдоочу» өкмөттүк эмес уюмунун лидери Качкын Булатов ырастады. Өлкөнүн Жогорку Соту талапкерлер Болотбеков жана Жапаровдун апелляциялык арызын 24-февралда карап, Кочкор райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Кочкор райондук соту 21-февралда шайлоочулардын добушун сатып алуу аракеттерине байланыштуу эки талапкерди шайлоодон четтеткен.

XS
SM
MD
LG