Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

РОЗА ОТУНБАЕВА: «ЭРКИН БАСЫЛМАЛАРГА КЫСЫМ КҮЧӨДҮ».


Чолпон Орозобекова , Бишкек “Атажурт” саясий кыймылы өлкөдөгү шайлоо алдындагы саясий кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты. Анда бийлик тарабынан жазылган “таза шайлоонун” сценарийин өкмөт үйү бар дарамети менен аткарып жатат деп жазылган. Ишемби күнү саясий кыймылдын тең-төрайымы Роза Отунбаева парламенттик шайлоону чагылдырганы келген чет элдик жана жергиликтүү журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү.

«Атажурт» саясий кыймылы билдиргенге караганда, кыргыз бийлиги шайлоо учурунда административдик куралдын баарын колунан келишинче пайдаланып жатат. Билдирүүдө Аскар Акаевдин «таза шайлоо» идеясынын турмушка ашырылышындагы айрым жагдайларга баа берилет.

«Атажурт» жазганга караганда, шайлоо өнөктүгүндө оппозициялык маанайдагы талапкерлерге үйбүлөлүк төрт телеканалды кой, жада калса мамлекеттик теледен сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк берилген жок. Саясий кыймыл өз билдирүүсүндө Кыргызстанда соңку күндөрү болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу билдирген.

«МСН» гезитине жасалып жаткан куугунтук, «Республика» гезитинин акыбалы, көз карандысыз басма үйүнүн жарыксыз калышы, «Азаттык» радиосунун уктурулбай калганы өңдүү шайлоо өнөктүгү учурундагы жагдайларга сереп салынат.

«Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева журналисттерге соңку окуялар боюнча мындай пикирин айтты:

- Күн сайын саясий кырдаал курчуп, окуялар абдан тез өнүгө баштады. Бүгүн эртең менен көз карандысыз басма үйүн милиция жана улуттук коопсуздук кызматынын адамдары курчап алды. Анда басылып чыккан «Кылым шамы» гезитинин бардык нускасын, «МСН» гезитинин айрым нускаларын тартып алышты. Эркин басмаканага кирип- чыккан машиналардын баарын тинтип атышат. Ал эми коомчулукка толук кандуу маалымат берип аткан интернет- баракчалар жабылды. Жаңы эле Жалалабаттан келдим, элдин баары «Азаттыкты» укпай калганына нааразы. Элди маалымат алуу укугунан ажыратып койгону- бийликтин жүзүкаралыгы.

Роза Отунбаеванын пикиринде, кыргыз бийлиги учурда жандалбас кылып, өзүн өзү сактап калыш үчүн жан үрөп аткан кези:

- Бул деген бийлик үчүн далбас- кампания. Бийликти колдон чыгарбаш үчүн жер- жерлерде эмне деген гана иштерди жасап атышат, -дейт Роза Отунбаева.

«Атажурт» кыймылы тараткан билдирүүнү саясий чөйрөдө кубаттаган пикирлер арбын. Кыргызстан элдик кыймылынын мүчөсү, экс- министр Кулубек Бөкөнбаев кыргыз бийлиги парламенттик шайлоону өзүнө ыңгайлуу нукта өткөрүүнүн далалатында дейт:

- Акүйдүн шайлоо боюнча сценарийи эчак эле даяр болчу. Оболу башкача ойлонгон жана оппозициялык маанайдагы адамдарды шайлоодон четтетишмек. Ал максатын соттордун колу менен ишке ашырышты.

«Атажурт» саясий кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева кыргыз журтчулугунун аң-сезими, саясий маданияты өскөнүн, Тоң жана Кочкор райондорундагы элдин толкуну бийлик үчүн оңой эмес белги экенин маалымат жыйынында айтып өттү:

- Түштүктө, мисалы, «Атажурт» кыймылынан чыккан биздин талапкерлерге тийип көрүшсүн. Тийип эле көрүшсүнчү, эл араң турганда өрт чыгып кетет. Бийлик аны түшүнүп атат, андыктан түштүккө тийе албайт. Бийлик тандап туруп, алы жеткидей жердеги талапкерлерди алып түштү. Азыр эл деген такыр башка, мыйзам бузууларга курч аракеттер менен жооп бере алат. Бийлик бир нерсени түшүнүшү керек, эми элди оюнчук кылганга болбойт.

Ырасмий бийлик өкүлдөрү болсо оппозициялык маанайдагы билдирүүлөргө каршы жооп айтып келишет. Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев кыргыз бийлиги адилет жана таза шайлоо үчүн бардык шартты түзүп койду деген ойдо. Анын пикиринде, айрым оппозициячыл күчтөр алдын ала эле шайлоолор мыйзам бузуулар менен өтөт деп, өлкөдө кырдаалды курчутканга кызыкдар болуп жатат.

«Атажурт» жана Кыргызстан элдик кыймылы өңдүү оппозициялык күчтөр Аскар Акаев жана анын чөйрөсү быйыл бийликти колдон чыгарбаш үчүн парламентке өз кишилерин топтоого жанталашып атканын айтышууда.

Роза Отунбаеванын пикиринде, ошондуктан шайлоочуларга, айрыкча мамлекеттик казынага көз каранды чөйрөлөргө басым жасалууда:

- Бул эмне деген зордукчул бийлик!? Эмнеге ушунчалык элди кыйнайт, биз эмне бул өкмөттүн кулдарыбызбы? Таласта эмне болуп атат. Элдин электр жарыгы үчүн 500- 600 сомдон карыздары бар экен. Эгер бийликтин талапкерлерине добуш берсеңер, ошол карызыңарды жоебуз деген шарт коюп атышат.

XS
SM
MD
LG