Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

“Ислам Жихады” уюмунун Дамаскидеги кеңсеси жабылды


Сирия палестиндердин тынчтыкка болгон умтулуусун колдойт жана Тель-Авив түнкү клубунда жанкечтинин бомба жардырганы тынчтыкка жолтоо кылат деп санайт.Мындай билдирүүнү Сириянын тышкы иштер министрлиги бүгүн жасады.

Жума күнү Тель-Авивдеги түнкү клубда жанкечти жардырган бомба төрт кишинин өмүрүн алган.
Израилдин премьер-министри Ариель Шарон бүгүн эртелеп, палестин жетекчилиги куралдуу топторду талкаламайынча, тынчтык жараянында жылыш болбосун айтып, мындай деген:

–Террордук чабуулду“Ислам Жихады” уюштурду. Буйрук “Ислам Жихадынын” Сириядагы кеңсесинен берилген. Бул эмне далил экенин биз билебиз. Бу далилге таянып, Палестин жетекчилигин террордук чабуул үчүн жоопкерчиликтен бошото албайбыз. Палестин жетекчилиги Ислам жихадына каршы токтоосуз чабуулга өтүшү шарт.

Палестин президенти Махмуд Аббас төрт адамдын өмүрү кыйылган бомба чабуулун сындап, аны тынчтыкты орнотуу аракетине каршы жасалган кутум деп атады.

Сирия өкмөтү “Ислам Жихадинин” Дамаск шаарындагы кеңесин жапканын да маалымдады.

XS
SM
MD
LG