Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Конституция өзгөрсө парламенттик башкарууга байланыштуу гана өзгөрүшү ыктымал


БИШКЕК. Мындай пикирин мамлекет башчы Аскар Акаев 28-февралда журналистердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

- Биздин Конституцияны парламенттик башкаруу ыкмасын көздөй гана өзгөртүүгө болот. Андан башка жол жок.

Аскар Акаев мындан ары бийликте калыш үчүн Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөрүү ниети жоктугун маалымдап, соңку мезгилдери өлкөдө «кыргыз президенти келчекте да бийликте калыш максатында Башмыйзамды өзгөртүүгө камданууда» деген маалыматты жалган деп жокко чыгарды. Ошондой эле Аскар Акаев «Конституцияны өзгөртүү бийликтин эмес, оппозиция жана эларалык уюмдардын сунушу экендигин жана бул маселени жаңыдан шайланып келген бир палаталуу параламент чечет” деген оюн ортого салды.

XS
SM
MD
LG